Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 01.08.2019 12:38

Балыкчыда көлдүн жээгинде милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатат

Turmush -  Балыкчы шаарында милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, ШИИБдин кызматкерлери мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте эс алуучу жайларда, көлдүн жээктеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

«Милициянын көчмө кабылдамасы укук бузууларды алдын алуу максатында, көлдүн жээгинде тазалыкты сактоо, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана сууга түшүүнүн эрежелери боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле жарандардын ар кандай маселелер боюнча суроолоруна жооп берүүдө», - деп билдиришти ШИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×