Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 31.07.2019 13:22

Сүрөт — Чолпон-Атада «Оймо» эл аралык фестивалы башталды

Turmush -  Бүгүн, 31-июлда Чолпон-Ата шаарында «Оймо» эл аралык фестивалы расмий ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль маданий мурастарды сактап калуу, салттуу маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалоо максатында уюштурулду.

«Оймо» эл аралык фестивалы 2006-жылдан бери июль айынын соңунда Бишкек шаарында башталып, андан кийин Чолпон-Ата шаарында уланат. Быйылкы фестивалга дагы Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Россия, Индия, Ооганстандан кол өнөрчүлөр келишти. Быйыл жаш кол өнөрчүлөр көп катышууда. Алар 4-августка чейин эс алуучуларга кол эмгектерин сата алышат», - дешти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×