Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Баракелде, Бишкек 30.07.2019 19:16 Жаңыланды: 30.07.2019 19:57 На русском

Бишкекте 26 жаштагы келин 3 эм төрөдү. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 29-июлда Чүй облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ымыркайлардын чоң энеси Чынара Бугубаева билдирди.

Анын айтымында, келини менен баласы буга чейин 2 уулдуу болушкан.

«Келиним Ырыс Шаршеева 1993-жылы төрөлгөн. Уулум менен келинимдин буга чейин 2 уулу бар болчу. 3 эм менен 5 уул болду. УЗИден билип, жалпыбыз сүйүндүк. Негизи эгиздер тукумубузда бар окшойт. Анткени кайын агамдын эки эгиз баласы бар. 3 эмдин биринчиси 1 кг 800 гр, экинчиси 2 кг 300 гр, үчүнчүсү 2 кг 400 гр салмакта төрөлдү. Чоң атасы Ооган согушунун ардагери. Ал дагы сүйүнүп, толкунданып жатат. Уул-келиним батирлеп жүрүшөт», - деди Бугубаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×