Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.07.2019 17:53

Сүрөт — Жети-Өгүздө «Алтын кум» фестивалы өттү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылында «Алтын кум» фестивалы өттү, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, фестивалдын алкагында көлдүн жээгинде футбол, волейбол, кыргыз күрөш жана шахмат оюндары боюнча мелдештер болду.

Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль жаштарды спортко, ыр-күүгө, маданиятка үндөө, тескей жээкти даңазалоо жана чет элдик туристтерди тартуу максатын көздөйт.

Иш-чара «Тосор» коому жана «Хидаят» спорттук клубу, «Тосор жаштары» коому тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×