Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.07.2019 13:44

Караколдук 2 дзюдочу кыз Азия жана Океания оюндарында күмүш медаль тагынды (сүрөт)

Turmush -  Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия жана Океания оюндарында Каракол шаарынын 2 дзюдочу кызы күмүш медалдарды багынтты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Каракол шаардык жаштар иштери жана спорт бөлүмүнөн билдиришти.

Азия жана Океания чемпиондугунун алкагында Кыргызстандын атынан барган дзюдочу Шахида Нармухамедова 70 килограммдан жогорку салмактагы спортчулар арасында 2-орунду ээледи.

«Шахида дзюдо менен 4 жылдан бери машыгып келет жана буга чейин Азия оюндарында, өлкөдөгү бир катар мелдештерде ийгиликтерди жараткан. Ал 2003-жылы туулган. Учурда Караколдогу мектептердин биринде билим алат», - деп айтылат шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн маалыматында.

Ошондой эле жаштар арасындагы Азия жана Океания оюндарында кыргызстандык Ажара Исаева 63 кг салмак категориясында 2-орунду камсыздады.

«Ажара 2002-жылы туулган, спорттун чебери. Буга чейин Ташкент шаарында өткөн Азия кубогунда күмүш, Алмата шаарындагы мелдеште коло медалдарды багынткан. Өлкө ичинде өткөн бир катар мелдештердин жеңүүчүсү. Дзюдо менен 7 жылдан бери машыгып келет. Учурда шаардагы мектептердин биринде билим алат», - деп билдиришти.

Спортчу кыздарды Елена Искакова машыктырып келет.

Жаштар арасындагы Азия жана Океания оюндарына Кыргызстандын атынан 12 дзюдочу катышкан. Алар жалпысынан 6 медаль жеңишти.

Алтын медаль:

- Ханболот Ырысбеков, 55 кг салмакка чейинкилер арасында;

- Чыңгыз Сагыналиев, 60 кг салмакка чейинкилер арасында.

Күмүш медаль:

- Анарбек Ишенбаев, 90 кг салмакка чейинкилер арасында;

- Ажар Исаева, 63 кг салмакка чейинкилер арасында;

- Шахида Нармухамедова, 70 килограммдан жогорку салмакта.

Коло медаль:

- Муса Шабданбеков, 50 кг салмакка чейинкилер арасында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×