Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.07.2019 13:12 На русском

Жети-Өгүздө мечитте сүннөткө отургузулган 9 жаштагы бала ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын кичинекей тургуну С.И. сүннөткө отургузулгандан кийин ооруканага шок абалда түштү. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, бала кансырап, чаңырып ыйлап жатканда аны апасы ооруканага алып жөнөгөн.

Жети-Өгүз райондук ооруканасынын жетекчиси Канат Жумадыловдун айтымында, бала 26-июль күнү түшкө маал ооруканага келген.

«Бала шок абалда болгон. Антисептика жана асептика (операцияда, жараат таңууда керектелүүчү аспап, жип ушул сыяктуу буюмдардагы микробдорду физикалык жолдор менен зыянсыздандыруу чаралары) деп коёт, ошол сакталган эмес. Балага наркоз берип, канап жаткан жерин кайра тигип, тазалоо иштерин жүргүздүк. Бала медициналык жардам берилгенден кийин үйүнө чыгарылды», - деди ал.

Мындай абалдын алдын алуу үчүн оорукана тиешелүү кызматтарга кайрылмай болду.

«Оорукананын атынан жергиликтүү бийликке кайрылабыз. Мечиттен балдарды отургузууга жол бербөө керек. Булар күндө бир нече адамга жасашат, бирок жабдыктары жок. Болсо дагы медициналык нормага ылайык тазаланбайт. Кан аркылуу ар кандай оорулар жугуп калышы мүмкүн. Эң коркунучтуу гепатит илдети жайылат», - дейт оорукана жетекчиси.

С.И. 2010-жылы 6-июлда туулган. Ал мечиттен отургузулганына 10 күнгө жакын убакыт болгон. Апасынын буга чейин жүрөгү ооруп, инфаркт болгон. Учурда дарыланып жатат.

Буга чейин облуста бир баланы сүннөткө отургузуу маалында каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×