Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.07.2019 12:25 На русском

Балыкчыдагы жол кырсыктан каза болгон адамдын өздүгү аныктала элек. Милиция жардам сурайт

город Балыкчы
город Балыкчы

Turmush -  Балыкчы шаарынын милициясы жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон эркек кишинин өздүгүн аныктоого жардам сурайт. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 22-июль күнү болжол менен түнкү саат 4:30 чамасында Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканадан Абдрахманов жана Токтосунов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, эркек киши каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, 22-июль күнү саат 03:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын 1994-жылы туулган тургуну Р.у.Н. Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынан Бишкек шаарын көздөй «Фольксваген Пассат» унаасын башкарып бара жатып, Балыкчы шаарынан унаасы менен 35-40 жаштагы адамды сүзүп кеткендигин аныкталган.

Эскертүү! Сезимтал адамдарга көрүү сунушталбайт.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Жол кырсыгына кабылган адам Балыкчы шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренесинин негизинде (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Өзгөчө белгилери: чачы кыска, сакалы бар.

Кийген кийими: жинсы шым, үстүндө кара футболка.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×