Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.07.2019 12:52 На русском

Чет өлкөдөн келген небересин көрүүгө барган аял жолдошу жана кызынын көзүнчө каза болду. Кырсыктын чоо-жайы

Turmush -  24-июлда саат 17:00 чамасында Каракол шаарында Шапак баатыр көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 65 жаштагы Т.О. (аял киши) каза болгон. Ошондой эле маркумдун небереси ооруканага түшкөн. Бул тууралуу аймактык кабарчыга каза болгон аялдын туугандары билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, кечээ, 26-июлда жол кырсыгына күнөөлүү делген айдоочунун баш коргоо чарасы сотто каралып, ал үй камагына чыгарылган. Бирок маркумдун туугандары соттун чечимине нааразы болуп жатышат. Каза болгон аялдын келини Ирина Чурзина алар апелляциялык арыз менен экинчи инстанцияга кайрылышарын билдирди.

«Кайын энем 3 баланын апасы болчу. Шапак баатыр көчөсүндө бир кызы жашайт. Дагы бир кызы Казакстанда. Ошол Казакстандагы кызынын 2011-жылы туулган уулу Караколго келген. Аны көлгө алып баруу үчүн кайын атам экөө Шапак баатыр көчөсүндө жашаган кызынын үйүнө барып, унааны дарбазанын алдына токтотуп коюшкан. Анан алар үйдөн чыгып, апам унаага отуруптур. Унаа оң рулдуу. Апам айдоочунун жанындагы алдыңкы орунга отуруптур. Атам небереси экөө кызы менен коштошуп жатышкан.

Кайын атамдын айтымына караганда, бир кезде К.Карасаев көчөсүнөн «Хонда Aвансир» үлгүсүндөгү унаа өтө катуу ылдамдык менен келе жаткан. Көз ачып жумганча эле токтоп турган биздин «Субару Форестер» унаасын бет маңдайынан сүзүптүр. «Хонда» унаасы катуу ылдамдык менен келе жаткандыктан биздин унаа 360 градуска бурулуп кетиптир. Апам унаанын алдыңкы айнегин сүзүп, ошол жерден каза болду. Биздин унаанын номуру сүзгөн унаага чапталып калыптыр. Айдоочу («Хонданын») мас абалда экен. Анын коопсуздук жаздыгы ачылып, аман-эсен калды.

Кырсык учурунда апамдын небереси унаага түшө элек болчу. Бирок «Хонда» дарбазаны дагы сүзгөн, бала жаракат алган. Баш мээси чайкалып, оозун тиктирдик. Азыр ооруканада. Сот адам өмүрүн алган айдоочунун баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарганына нааразыбыз», - деди И.Чурзина.

Каза болгон Т.О. 1954-жылы туулган. Буга чейин аскер кызматкери болгон жана ардактуу эс алууга чыккан. 2 кыз, 1 уулдун энеси болчу.

Ал эми «Хонда» унаасынын айдоочусу 1973-жылы туулган. Айрым маалыматтар боюнча, ал 2 баланын атасы, жубайы менен ажырашкан. Шапак баатыр көчөсүндө кырсык катталган жерден эки-үч үй жогору тарапта апасы менен жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×