Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТоң району 25.07.2019 09:37

Ысык-Көлдө «Тойота» менен кагышкан жол тандабас жолдон чыгып кетти. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көлдүн тескей жээгинде жол кырсык катталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык 24-июлда саат 21:30 чамасында Тоң районунун Оттук жана Кара-Шаар айылдарынын ортосунда катталган. «Тойота» үлгүсүндөгү жол тандабас батыштан чыгышка карай бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан «Тойота» үлгүсүндөгү минивэн менен сүзүшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыктын кесепетинен дөңгөлөгү жарылган жол тандабас жолдон чыгып, бакты сүзүп токтогон. Ал эми «Тойота» үлгүсүндөгү минивэн жолдун ортосуна токтоп калган. Эч ким оор жаракат алган эмес. Окуя болгон жерде ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×