Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 24.07.2019 16:52

Чолпон-Атада дарыгер Э.Абдыканов тарых камтылган таш борборун жасады. Сүрөт

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын 61 жаштагы тургуну Эсенаман Абдыканов шаардагы эс алуу жайынын короосуна таш борборун жасады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал дарыгерлик кесипти аркалайт, ошондой эле тарыхка кызыгат. Ал кыргыз элинин тарыхынын бир бөлүгү таштарда жазылган деп эсептейт.

«Таш борборду жасоо идеясы май айында жаралып, үч ай аралыгында бул максатты ишке ашырдым. Бул жерге чоң таштарды коюп, алардын ар бирине урууга тиешелүү эн тамгаларды чегип чыктым.
Алардын арасында Боромбай бийге арналган таштар бар. Ал таштардын жанында талдар отургузулган. Тарых барактарында Боромбай бий талдын көчөттөрүн Турпандан алып келген деген маалымат бар», - дейт ал.

Эсенаман Абдыканов бул жерге келген эс алуучулар элибизди Ысык-Көлдүн кооздугу менен гана эмес, таштардагы тарыхы менен дагы таанып кетишсе деп ойлойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×