Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 24.07.2019 11:55 На русском

Үй-бүлөсү менен эс алып жаткан ата-эне чак түштө 17 жаштагы кызынан айрылды (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагында 17 жаштагы кыз көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 23-июлда болжол менен саат 12:40 чамасында болгон. Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 2002-жылы туулган тургуну Т.А. үй-бүлөсү менен көл жээгинде эс алып жүргөн. Түшкү тамактануу учурунда Т.А. сиңдиси менен көлгө түшүп жатканда аларды ата-энеси тамактанууга чакырышкан. Бирок 17 жаштагы кыз ошол учурда көлгө чөгүп кеткен.

Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматына караганда, аларга көлгө чөккөн кыз боюнча маалымат саат 12:40да түшкөн. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу барып, суучулдар ата-энеси көрсөткөн жерден кыздын денесин алып чыгышты.

Кыздын денеси жээктен 10-11 метр алыстан табылган. Аталган жер 10 метрден кийин эле тереңдеп кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×