Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 24.07.2019 11:07 На русском

Ысык-Көлдө «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы оодарылып кетти

Turmush -  Балыкчы шаарында жеңил унаа менен кичи автобус сүзүштү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык 23-июлда саат 07:30 чамасында С.Каралаев жана Кулакунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Коңур-Өлөң айылынын 1989-жылы туулган Б.у.Ж. аттуу тургуну башкарып бара жаткан «ВАЗ 21099» үлгүсүндөгү унаа менен Балыкчы шаарынын 1980-жылы туулган тургуну К.Ш. айдап бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы сүзүшкөн.

Алдыда кетип бара жаткан кичи автобус сол тарапка бурулуп жатканда артындагы «ВАЗ 21099» унаасы сүзгөн. Анын кесепетинен «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы капталы менен кулап калган.

Айдоочулар жана жүргүнчүлөр жеңил жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда жол кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

А 67(1)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×