Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 19.07.2019 15:07 На русском

Ойноштук кылган күйөөлөр жана аялын кармап алган эркектер: Жактоочунун окуялары

Азиз Арынов
Азиз Арынов

Turmush -  Азиз Арынов Ноокат районунда мамлекет тарабынан кепилденген жактоочу катары 9 жылдан бери эмгектенип, жарандарга акысыз кызмат көрсөтүп келет. Ал Ош, Баткен облустары боюнча жактоочулар коллегиясынын мүчөсү. Юридикалык окуу жайда билим алганга чейин ширетүүчү, өрт өчүрүүчү болуп иштеп жүргөн. 1995-жылы окуу жайга кабыл алынып, юрист кесибине ээ болгон.

Азиз Арынов бир туугандардын жер талашуусу, ажырашуулар, бала талашуу маселелерин карай турганын, кээде зээнди кейиткен окуялар болорун айтты.

«Мен караган эң эле татаал маселе — ажырашуулар. Көбүнчө үй-бүлөлөр миграциянын, ойноштуктун айынан ажырашышат. Күйөөлөрү Орусияга кетип, келиндер кайнене менен калышат. Ошондо келин менен кайнененин ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, кайнене баласы келгенге чейин келинин ата-энесине жеткирип койгон учурлар кездешет. Жакында эле жолдошу дааватка кеткенде кайнене менен келин урушуп кетиптир. Небересин алып калып, келинди өз апасынын үйүнө жеткирип коюптур. Келин бизге укугум бузулду деп кайрылган. Жолдошуна жолугуу үчүн иштеген жумушуна чейин бардык, бирок качып жолукпай койду. Азыр үйлөнүп алды. Ага чейин үй-бүлөнү сактап калуу үчүн сот 3 ай убакыт берди. Учурда келин баласын алуу үчүн күрөшүүдө.

Мурда «күйөөм ойноштук кылды» деген келиндер болсо, учурда «аялымды кармап алдым» дегендер көбөйүп жатат. Кээде балдар үчүн гана жашашып, балдары эр жеткенде ажырашып кетип жатышат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин өтө аз гана үй-бүлөлөр сакталат», - деди ал.

80 жаштагы эне жактоочунун эсинде калып, жүрөгүн ооруткан.

«Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнөн 80 жаштагы кемпир кошунасы менен кайрылды. Кемпирдин баласы жок экен. Жалгыз жашагандыктан кошунасы тамак-ашын, пенсиясын жеткирип берчү экен. Мындан тышкары алыс эле туугандарынын бир кызы келип кабар алып турган. Ошол кыз үйүнүн документин алдап алып, Мамлекеттик каттоо кызматына барып, тааныштары аркылуу өзүнө белек кылдырып алыптыр. Ал кыздын үйүнө барсак бизди каргап, ушул кемпир өлбөдү деп кууп чыкты. Бирок сот аркылуу кайтарып бердик. Кемпир болсо үйдү мамлекетке же мечитке өткөрүп берем деген. Ал эми кошунасы «мага керек эмес» деп койгон.

Дагы бир окуяны айтып берейин. Жашы жете элек 2 өспүрүм (бир туугандар) өгөй энеси тарабынан айыпталган. Ал «бетиме уксус чачкан, мени өлтүрүүгө аракет кылышты» деп жана башка оюнан чыгарган айыптарды койгон экен. Тергөө иштери да чала жүргөн. Акырында 2 өспүрүмдүн күнөөсүз экенин далилдедик.

Жактоочу бүгүнкү күндө бир туугандар (эжеси менен иниси) жер талашып жаткандыгын билдирди.

«Ажырашып келген эжеси атасынан калган жерди талашып, бир туугандары менен келише албай жаткан экен. Доогер тарап эки эсе акча төлөйбүз. Жактаган адамыңды таштап кет же коргобой кой деген учурлар да болгон. Бирок кеп акчада эмес, үмүт менен келген адамдын укугун коргоодо», - дейт ал.

Жактоочу 47 жашта, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×