Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.07.2019 12:59 На русском

Ысык-Көлдө жоголгон казак жаранын издөөгө амфибия учагы, 12 кеме тартылды

Turmush -  Ысык-Көлдө скутер менен дайынсыз жоголгон казакстандык туристти издөөгө 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылып, моторлуу кайык менен издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жеке менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшүүдө.

Мындан тышкары, издөө иштери үчүн амфибия учагы да тартылды.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-июлда Кара-Ой айылындагы эс алуучу жайда эс алып жүргөн Казакстан Республикасынын 1966-жылы туулган М.Аркадий аттуу жараны скутер айдап кетип, дайынсыз жоголгон.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 14-июль күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Алмата шаарынын 1966-жылы туулган тургуну С.Александр арыз менен кайрылган. Ал «Алтын-Көл» пансионатында чогуу эс алып жаткан 1966-жылы туулган досу Аркадий болжол менен саат 14:15 чамасында дайынсыз жоголгонун билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, аталган жарандар Ысык-Көлгө 13-июлда келишкенин аныкташкан.

14-июль күнү Аркадий Кара-Ой айылынын 1995-жылы туулган тургуну Т.Бактынурдан ижарага скутер алган. Ал белгисиз тарапка сүзүп кетип, кайра кайтып келген эмес. Александр көлдүн жээгиндеги башка скутерлердин ээлери менен бирге өз алдынча издөө иштерин жүргүзүүгө аракет кылган, бирок катуу толкундан улам издөөнү токтотушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×