Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.07.2019 16:59 На русском

Скутер менен дайынсыз жоголгон казакстандык Аркадийди издөөгө тик учак тартылат: Ал тууралуу эмне белгилүү?

Turmush -  Ысык-Көл районунда Казакстандын 53 жаштагы жараны Аркадийди издөө боюнча атайын штаб түзүлдү.

Штабды райондун акими Данир Иманалиев жетектейт. Издөө-куткаруу иш-чараларына укук коргоо кызматкерлери, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылды. Андан тышкары тик учак менен издөө иштери жүргүзүлөт.

Turmush басылмасына Аркадий 1966-жылы 11-сентябрда туулганы белгилүү болду. Ал Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин институтун бүтүрүп, Украинанын Одесса шаарында 86 гвардиялык мотоаткычтар полкунда кызмат өтөгөн.

Буга чейин Тurmush басылмасы Ысык-Көл районунда ижарага скутер (сууда сүзүүчү) алган Алматанын тургуну дайынсыз болуп жатканын жазган.

Алдын ала маалыматка караганда, Ысык-Көлгө эс алганы келген Казакстандын Алмата шаарынын тургуну М.А. саат 14:30 чамасында ижарага скутер алып, белгисиз тарапка сүзүп кеткен. Ал Кара-Ой айылындагы пансионатта эс алып жаткан.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кечээ, 14-июль күнү болжол менен 21:30 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Алмата шаарынын 1966-жылы туулган тургуну С.Александр арыз менен кайрылган. Ал «Алтын-Көл» пансионатында чогуу эс алып жаткан 1966-жылы туулган досу Аркадий болжол менен саат 14:15 чамасында дайынсыз жоголгонун билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, аталган жарандар Ысык-Көлгө 13-июлда келишкенин аныкташкан.

14-июль күнү Аркадий Кара-Ой айылынын 1995-жылы туулган тургуну Т.Бактынурдан ижарага скутер алган. Ал белгисиз тарапка сүзүп кетип, кайра кайтып келген эмес. Александр көлдүн жээгиндеги башка скутерлердин ээлери менен бирге өз алдынча издөө иштерин жүргүзүүгө аракет кылган, бирок катуу толкундан улам издөөнү токтотушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×