Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.07.2019 10:17 На русском

Ысык-Көлдө ижарага скутер алган казакстандык эс алуучу дайынсыз жоголду (толукталды)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл районунда ижарага скутер (сууда сүзүүчү) алган Алматанын тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, Ысык-Көлгө эс алганы келген Казакстандын Алмата шаарынын тургуну М.А. саат 14:30 чамасында ижарага скутер алып, белгисиз тарапка сүзүп кеткен. Ал Кара-Ой айылындагы пансионатта эс алып жаткан.

Аны издөө үчүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана милиция кызматкерлери тартылды.

Маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы дагы тастыктады. Алардын маалыматына караганда, кечээ, 14-июль күнү болжол менен 21:30 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Алмата шаарынын 1966-жылы туулган тургуну С.Александр арыз менен кайрылган. Ал «Алтын-Көл» пансионатында чогуу эс алып жаткан 1966-жылы туулган досу Аркадий болжол менен саат 14:15 чамасында дайынсыз жоголгонун билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, аталган жарандар Ысык-Көлгө 13-июлда келишкенин аныкташкан.

14-июль күнү Аркадий Кара-Ой айылынын 1995-жылы туулган тургуну Т.Бактынурдан ижарага скутер алган. Ал белгисиз тарапка сүзүп кетип, кайра кайтып келген эмес. Александр көлдүн жээгиндеги башка скутерлердин ээлери менен бирге өз алдынча издөө иштерин жүргүзүүгө аракет кылган, бирок катуу толкундан улам издөөнү токтотушкан.

Аталган факт маалыматтардын электрондук журналында катталган. Издөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×