Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.07.2019 18:30 Жаңыланды: 08.08.2019 21:30

Айыл турмушу: Чебер Г.Кендирбаева күнүнө 10 миң сомдук буйрутма аткарат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын тургуну Гүлнур Кендирбаева чакан цех ачып, айылдагы 4 кол өнөрчү айымды иш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал буга чейин үй шартында тикмечилик менен алектенип келген. Учурда буйрутмаларды алып, кыздардын себин, жууркан жана төшөктөрдү жасайт. «Жылуу кол» деп аталган ишканага атайын фонд тарабынан 615 миң сомго тийиштүү жабдуулар алынган.

«Ишкананын «Жылуу кол» деп аталып калганына Оргочор айылындагы уяң жүндүү меринос койлорунун жүнүнөн жылуу төшөктөр жана кийимдердин тигилиши себеп болду. Учурда биз айыл элинен меринос койлорунун жүндөрүн сатып алып, ошону иштетип жатабыз. Мындан улам кардарларыбыз дагы көбөйүп жатат.

Учурда өзгөчө кыргыз оймо бастырылган жууркан жана төшөктөргө суроо-талап арбын болууда. Ал эми кыздын себин бир аптада толук бүтүрөбүз. Кол өнөрчүлөр бир күндө 10 миң сомдук буйрутманы аткарып, апта сайын маяна алышат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×