Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.07.2019 16:10

Ак-Сууда кампада жашаган көп балалуу үй-бүлөгө айылдаштары үй куруп берет

Turmush -  Ак-Суу районунун Зындан айылында кампада жашап жаткан 6 балалуу Бектемир Асанкожоевге үй куруп, социалдык жактан жардам берүү үчүн айылдаштары марафон өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Бектемир Асанкожоев жубайы Асел менен 6 баланы тарбиялап келишет. Алардын экөөнүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

«Айылдаштар ага жардам берүү үчүн марафон өткөрүп, андан 71 миң сом жана 22 кой түштү. Каалоочулар үй курууга курулуш материалдарын дагы берип жатышат. Мектептин бүтүрүүчүлөрү дагы курулуш иштерине жардам беришет. Мисалы, 1996-жылкы балдар пайдубалын куюшат. 1985-жылкы балдар дубалын тургузат. Быйыл үйдүн курулушун бүтүрүүгө аракет кылабыз», - дешти уюуштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×