Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.07.2019 19:00

И.Савченко көлгө чөгүп жаткан эже-сиңдини кантип куткарганын айтып берди. Видео

Turmush -  Каракол суусуна агып кеткен Б.Айгерим менен Назик аттуу эже-сиңдини куткарып калган Каракол шаарынын тургуну Игорь Савченко сыйланды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 17-июнунда Пристань-Пржевальск аймагында болгон. Каракол суусу Ысык-Көлгө куйган жерде 2-3-классты аяктаган эже-сиңди сууга түшүп жаткан.

«Мен үй-бүлөм менен көл жээкке эс алууга баргам. Бир кезде эл ызы-чуу түшүп калды. Жээктен 100 метр алыста кичинекей кыз сууга чөгүп жатыптыр. Аларды көргөн бардык эс алуучулар куткарууга аракет жасап жаткан экен. Бирок алар жээктен өтө алыс болгондуктан аракеттер жыйынтык бербей жатыптыр.

Мен кичинекей кемем менен барып, кыздардын бирин алып чыктым. Андан кийин жардам берүүгө аракет кылып жүргөн жарандарга куткарууга керектүү жабдыктарды ыргыттым. Алар дагы бир кыз 10-15 мүнөттөн бери сууда экенин айтып калышты. Көлгө суу куюлуп жаткан жер болгондуктан кызды алыска агызып кетиптир. 150 метрге чейин кичи кеме менен барып, сууга секирип, кызды алып чыктым. Бирок кыз эсин жоготуп койгон экен. Ошондо аны сактап калууга мүмкүн экенине ишенген жокмун. Алып чыгып эле тез жардам кызматына бердик», - дейт И.Савченко.

Ал кыздарды куткарганы жөнөгөндө кесиптештери тез жардам кызматын чакырышкан.

«Кыздар ата-энесинин көзөмөлү жок эле көлгө түшүп жатышкан экен. Улуусу кийинип жатканда, кичүүсүн суу агызып кетиптир. Эжеси сууга анын артынан секирип, жардам берүүгө аракет кылган. Ошондо суу экөөнү тең ачык көлгө чейин агызган. Кудай сактап, ошол кезде эс алуучулар көрүп калды. Биз куткарган адамга ыраазычылык билдирдик», - дейт №7 мектептин директору Галина Ахмедова.

Ошондой эле шаар мэри А.Каниметов ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Савченко Игорь 1971-жылы туулган. Бир баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×