Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 12.07.2019 12:41 На русском

Өзгөчө ысымдар: Сатарбекованын атын биринчи уккандар дароо паспортун сурашат

Turmush -  Ракет Сатарбекова 1960-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Дөң-Алыш айылында туулган. Кесиби ветеринар.

Жолдошу Жекшенбай Айдаров 1956-жылы туулган. Ал өмүр бою айдоочулук кесипти аркалап, учурда пенсияда.

«Атамдын аты Сатар, апамдын аты Оруйпа. Мага атты атамдын агасы Бешкүрөң атам коюптур. Ал кишинин кызынын аты Рахат экен, меникин уйкаштырып Ракет деп коюшуптур. Атым өзүмө жагат, өзгөчө жана элде жок ысым. Бала кезде мектептен окуп жүргөндө мугалим, окуучуларга атым тааныш болуп, көп этибар алышчу эмес. 10-классты бүтүп, окуу жайга барганда «атым Ракет» десем, «паспортуңузду берсеңиз, чын эле атыңыз ушундайбы?» деп ишенишпей, таң калышчу. Банктарга же эс алуучу жерлерге барып калсак да «эмне үчүн атың мындай?» көп сурашар эле.

Кайын эжемден «келиниңдин аты ким?» деп сурашса эле атымды унутуп калып, «Ылдам учма» деп айтчу экен. Бир жездем да атымды унутуп калганда «Гитара» деп атап калчу. Ал эми таежем атымды таппай, «Агрегат» деп койчу. «Таеже, менин атым Ракет» десем, «ой айта албай жатам» деп тим болчу. Бир теңтушубуз жаңы келин болуп келген кезде атымды таппай, "Бомба" деп тамашалачу», - дейт ал.

Ракет Сатарбекованын 2 уул, 2 кызы бар.

«Уулум Азамат Айдаров, азыр И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун жардамчысы. Кызым Айнура Айдарова шаарда турат, ал эми 1985-жылы төрөлгөн кызым Аэлита Айдарова Бишкектеги №91 мектепте дене тарбия мугалими. Адилет уулум үй-бүлөлүү. Күйөө балам Искендер жана келиндерим Ширин, Айнура дагы мугалимдер. Азыр 5 неберем бар. Алар: Айдана, Асема, Айбийке, Гүлзар, Абыкан», - деди ал.

Балдары да кичинекей кезинде «эмне үчүн атыңыз ушундай?» деп көп сурашчу.

«Аэлита кызым 4,5 жашта эле. Эшикте балдар, кыздар менен ойноп жүрүп, асмандан учак көрүшүптүр. Балдар ракета учуп баратат деп кыйкырса, кызым үйгө ыйлап келиптир. "Апа, учпачы. Эшикте балдар учуп кетти деп айтып жатышат" деген», - деди Ракет Сатарбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×