Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 11.07.2019 17:52

Балыкчыдагы аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 120 бала лагерде акысыз эс алышат

Turmush -  Балыкчы шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 60 бала лагерге эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында жайгашкан лагерге аз камсыз үй-бүлөлөрдөн жана ата-энесинен эрте ажыраган, майыптыгы бар 7 жаштан 14 жашка чейинки 60 бала жөнөтүлүп, алар 11-июлдан 16-июлга чейин эс алышмакчы.

«Экинчи тайпа менен дагы 60 бала эс алууга барат. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнүп, тендерден «Улан» балдардын эс алуу жайы жеңип алган», - деди вице-мэр Б.Алгожоева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×