Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 11.07.2019 16:28

Түптө кош майрам белгиленип, мамлекеттик кызматкерлер сыйланды

Turmush -  Түп районунда кош майрам белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, анда медицина кызматкерлеринин күнү менен бирге 23-июнь — Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү жана Куткаруу кызматынын күнү белгиленди.

Мамлекеттик кызматкерлерден 2 адамга «Түп районунун ардактуу атуулу», 5 адамга «Эмгек каарманы» наамдары, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы 7 адамга, ыраазычылык каты 8 адамга, баалуу белектер 17 адамга берилди.

Иш-чара медицина кызматкерлеринен Түп райондук аймактык оорукананын хирургу, 40 жылдан бери дарыгерлик менен манасчылык өнөрдү тең алып келген Кубан Алмабековго «Түп районунун ардактуу атуулу» наамын тапшыруу менен башталып, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен «Эмгек каарманы» наамы 3 адамга, райондун ардак грамотасы 7 кызматкерге, ыраазычылык каты 7 адамга, баалуу белектер 6 медицина кызматкерине берилди.

Бул кесиптин ээлерин кесиптик майрамы менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Түп районунун акими Элчибек Жантаев жана Ысык-Көл облустук медицина тармагынын координаторунун орун басары Жеңишбек кызы Кыял куттукташып, сыйлыктарды тапшырышты. Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Жаныш Мокешов, Түп районунун аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Айнура Бейшекеева кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттукташып, өздөрүнүн мекемелеринде кесибин ийгиликтүү аркалаган кызматчыларына ардак грамоталарды, баалуу белектерди тапшырды.

Ак халатчандарга жана жалпы эле салтанаттын катышуучуларына арнап төкмө акындар, маданият үйүнүн кызматкерлери жана «Айданек» бийчилер тобу жагымдуу музыкалар менен бийлерди тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×