Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 09.07.2019 15:14

Түптө мышыктын артынан чуркаган 4 жаштагы кыз көлмөгө чөгүп кетти

пруд
пруд

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылында 4 жаштагы кыз көлмөгө чөгүп кетти, деп билдиришти күбөлөр.

Алардын айтымында, айыл четинде жергиликтүү тургун балык өстүргөн көлмө жана күнөскана иштетчү. Ээси өзү жалгыз жетишпегендиктен жумушчу жалдаган.

«Жумушчу аялы жана кызы менен көп жылдан бери ошол жерде жашап, иштешчү. Иштеп жатып кызы Дарияны (аты өзгөртүлдү) таппай калышкан. Кичинекей кыз мышыктын артынан чуркап кеткен экен. Бир аз убакыттан кийин мышык көлмө жактан келиптир. Бир нерсени сезгендей жумушчу көлмөгө чуркап барса кызы тумчугуп, сууга калкып калган экен», - дешти күбөлөр.

Тез жардам кызматы кыздын сөөгүн Каракол шаарындагы өлүкканага алып кеткен. Кыз чөккөн көлмөнүн жанында атайын балык кармоочу көлмө бар. Кыз анын таштандысы чогулган көлмөгө чөккөн.

ӨКМдин райондук бөлүмүнүн маалыматына караганда, окуя 6-июлда саат 15:10 чамасында болду.

«Бизге чакыруу түшкөн эмес. Кечинде ооруканадан маалымат келди. Биз ооруканага барып, окуяны териштирдик. Ошол эле күнү көлмө ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Коопсуздукту сактай турган эскертүү баракчаларды илдирдик. Сууга түшүүгө болбойт деген көрнөк-жарнактарды илдик. Ата-энелерден балдарды көзөмөлдөөнү өтүнөбүз», - деп билдиришти ӨКМдин райондук бөлүмүнөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×