Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.07.2019 22:37

Жети-Өгүздүн жайлоосунда кичи автобус оодарылып кетти. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 8-июль күнү кечке маал Жети-Өгүз районунда жайлоодон келе жаткан жүргүнчү ташуучу кичи автобус оодарылып кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Такталган маалыматтар боюнча, айдоочу унаада жалгыз болгон. Ал унаасын жолдун жээгине токтотуп, боз үйлөрдүн бирине кирип бара жаткан. Бирок унаасы ордунан козголуп, ылдый көздөй жүргөн. Айдоочу артынан жүгүрүп токтото албай, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу жеңил жаракат алды.

Күбөлөрдүн айтуусунда, кичи автобус Көк-Жайык жайлоосунан түшүп келе жаткан. Ал Чырак-Каракол каттамында жүргүнчүлөрдү ташычу.

Күбөлөр айдоочунун акыреги чыгып кеткенин билдиришти. Учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери окуяны териштирип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×