Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.07.2019 16:18 На русском

3 жаш жигиттин өмүрүн алган кырсык: Айдоочу досунун жол тандабасын айдап жүргөн

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы жол кырсыктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бактуу-Долоноту айылына жакын жерден жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат кечээ, 7-июль күнү тез жардам бөлүмүнөн келип түшкөн. Чүй облусунун Арашан айылынын 1996-туулган тургуну Х.Э. досуна тиешелүү «БМВ Х-7» унаасын башкарып бара жатып, болжол менен саат 04:35 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 82-чакырымындагы ат майдандын жанынан «Лексус 300» унаасын сүзгөн. Ошол учурда «Лексус» жолдун ортосунан кайрылып жаткан. Аны Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Б.Н. башкарып жүргөн.

Кырсыктын кесепетинен «Лексус 300» унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчү — Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургундары Д.Н. жана Б.Б окуя болгон жерден каза болгон. «Лексус» унаасындагы дагы бир жүргүнчү — Ош шаарынын тургуну К.Б. Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«БМВ Х-7» унаасы 1994-жылы туулган Т.Т.га тиешелүү экендиги аныкталды. Унааны башкарып жүргөн айдоочу жана анын ичиндеги жүргүнчү жабыркаган эмес.

Кечээ, 7-июль күнү Turmush басылмасы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 2 унаа кагышып, анын кесепетинен 2 адам каза болгонун жазган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматын жол кырсыгы саат 4:30 чамасында Бактуу-Долоноту айылында катталганын билдирген.

«1995-жылы туулган Х.Э. «БМВ Х-7» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, «Лексус» унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен «Лексус» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болгон. Ушул эле унаадагы 2 жүргүнчү оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген», - деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×