Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.07.2019 12:10 На русском

Көлдө бир жумада 700 айдоочуга айып салынды

Turmush -  Ысык-Көлдө бир аптада 700 айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, 1-июлдан 7-июлга чейин жол эрежесин бузган 700гө жакын айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Анын ичинен 20га жакын айдоочу — мас абалда автоунаа башкаргандар. Аларга тиешелүү айып пул жазылып, автоунаалары атайын жайга токтотулду.

Туристтик мезгилге байланыштуу облустук ЖКККБнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×