Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 08.07.2019 09:39 На русском

Түптө 18 баатыр эне сыйланды. Арасында 89 жаштагы У.Өмүрканова да бар (сүрөт)

Turmush -  Түп районунда 9 эне «Баатыр эне» ордени, 9 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланды. Аймактык кабарчы маалымдагандай, баатыр энелерге сыйлыктарды Түп районунун акими Э.Жантаев тапшырды.

Сыйланган баатыр энелердин арасында Түп районунун Токтоян айылындагы 89 жаштагы ардагер-мугалим Уруйпа Өмүрканова дагы бар. Ал 8 баланын, 26 неберенин, 15 чөбөрөнүн энеси.

У.Өмүрканова 1930-жылдын 1-июлунда Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. Агасы Өмүраалы Өмүрканов 1941-1945-жылдары согуштан каза болгон. Эжеси Гүлан Өмүрканова Түптүн Корумду айылында жашап, иштеп жүрүп каза болгон.

Өзү 1937-жылы Талды-Суудагы мектепке кирип, 1944-жылы 7 класстык билимге ээ болгон. 1944-жылдан 1947-жылга чейин Фрунзе айылындагы педагогикалык окуу жайында окуп, ошол жылы аялдардын педагогикалык институтуна барып, 1952-жылы география факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. 1954-жылга чейин Талды-Суу орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 1954-жылы Токтоян айылынын тургуну Шайык Касымбаевга турмушка чыккандан бери ошол айылдын мектебинде 1994-жылга чейин, тактап айтканда 40 жыл бир мектепте география сабагынан мугалим болуп эмгектенди.

«Уруйпа Өмүрканова өтө жумшак мүнөздүү, абдан билимдүү адам. Мени окутуп, кийин чогуу иштешип калдык. Мен мындай сыйлыктан куру калдым деп суранбаган адам. Мага болгон сыйыңар силердин «4», «5» деген баада окуганыңар деп калчу», - дейт азыркы Токтоян орто мектебинин директору К.Албанов.

Уруйпа Өмүрканова «Баатыр эне» орденин алууга тун баласы — 63 жаштагы Кубат Касымбаевдин жубайы — 63 жаштагы келини Тынар Илясованын коштоосу менен келди. Ал өмүрүндө 2 жолу сыйлык алган. Биринчи жолу 1975-жылы «Энелик даңк» орденин алса, бүгүн «Баатыр эне» орденин алды.

Келини Тынар кайненеси азыр дагы дүйнөдөгү материктерде жайгашкан мамлекеттерди же алардын борбор шаарларын жаңылбай айтып берерин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×