Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 06.07.2019 13:27

Түптө Ж.Асылбаев атындагы мектептин башталгыч класстары эски мончодо окушууда

Turmush -  Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Ысык-Көл облусунун Түп районуна болгон иш сапары учурунда бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алгач Санташ айыл өкмөтүнүн Ж.Асылбаев атындагы орто мектебине барды. Мектептин имараты мындан 40 жыл мурун 1978-жылы курулган. Андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Бүгүнкү күндө авариялык абалда турат. Мектеп айылдардан алыс болгондуктан балдар 3-5 чакырым аралыктан келип окушууда. Ал эми Санташ айыл өкмөтүнүн Каркыра айылы мектептен 15 чакырым алыс жайгашкандыктан башталгыч класстардын окуучулары эски мончонун имаратында окууга мажбур.

Вице-спикер Аида Касымалиева эски мончонун имаратында жайгашкан мектептин абалы менен да таанышканы барды. Бүгүнкү күндө эски мончодо 16 бала окуйт. Окуу бөлүмдөрүнүн жоктугунан 1-2-класстын балдары биригип, 3-4-класстын окуучулары бирге отуруп окууга мажбур болушкан. Кыш мезгили оор болгондуктан кабинеттер жылыбайт. Окуучуларга суук тийип, ооруп калган учурлар көп кездешет.

Ал эми мектептин бир тарабында ФАП жайгашкан. Ал жерде да бир топ көйгөйлөр бар.

Вице-спикер Аида Касымалиева мектептин кейиштүү абалы менен таанышып чыккан соң, балдардын ден соолугу үчүн өкмөт тарабынан тез арада чечим кабыл алынышы керектигин белгиледи. Бул маселени көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтар менен биргеликте маселени чечүүнүн жолдорун караштырарын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×