Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 05.07.2019 18:32

Видео — Түптө көл жээктеги токой өрттөнүп жатат

Turmush -  Түп районунун Кичи-Өрүктү жана Ой-Тал айылынын ортосунда көлдүн жээгиндеги токой өрттөнүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн маалыматына караганда, өрт тууралуу саат 16:30да билдирүү түшкөн. Учурда 50 сотых жерде кургак чөп күйүп жатат. Өрт өчүрүү кызматы жеринде иштөөдө.

«Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери аныктала элек. Өрт өчүрүүгө райондук №34 өрт куткаруу бөлүгүнөн 8 адам тартылып, курчоого алууга аракет кылышууда.

Андан сырткары Ананьев айылынан жана Чолпон-Ата шаарынан куткаруучулар тартылууда. Ал жерге унаа бара албагандыктан кол менен өчүрүп жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×