Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.07.2019 17:46 На русском

«Айдоочу качып кеткен эмес»: Балыкчыдагы жол кырсыктын чоо-жайы

Turmush -  Балыкчы шаарында жол кырсык катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык 5-июлда саат 16:00 чамасында Ж.Абдрахманов жана С.Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааны башка жеңил унаа ашып өтүү учурунда «Тойотанын» жолдун жээгине чыгып кетүүсүнө себепкер болгон.

Андан улам «Тойота Камри» жолдун четиндеги бордюрга урунган. Кырсык болгон жерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери келишип, алар «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу орнотулган видеокамералардан качып кеткен унааны аныктоо мүмкүн экенин айтышкан.

«Тойота Камри» унаасынын ээси бир туугандары менен Ысык-Көлгө эс алганы келишкенин, бүгүн кайра Бишкекке кетип бара жатышканын билдирген.

Ал эми Балыкчы шаардык ЖККК бөлүмүнүн башчысы Талант Жумабеков экинчи унаанын айдоочусу жол кырсык болгон жерден качып кетти деген маалымат туура эмес экенин билдирди.

«Жол кырсык болгон жерге ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерде жөө адам өтүп бара жатканда алдыңкы унаанын айдоочусу дароо тормоз баскан. Ошол учурда артта келе жаткан «Тойота Камринин» айдоочусу алдыңкы унааны сүзүп албашы үчүн рулду оңго буруп жиберип, жолдун жээгиндеги бордюрга чыгып кеткен. Бул жерде эки унаа сүзүшкөн эмес.

Эгер «Тойота Камринин» айдоочусу рулду оңго бурбай, алдындагы унааны сүзүп алса, анда аралыкты сактабагандыгы үчүн күнөөлүү болмок», - деди Т.Жумабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×