Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.07.2019 12:41 На русском

Ысык-Көлдөгү лагерде 2 адамды өлтүрүүгө шектүү барымтага алган аял табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теӊири» лагеринде эки адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан адам барымтага алган аял табылды. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, аял лагерге кайтып келген. Анын айтымында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү Сергей аны коё берип, өзү атын чаптырган бойдон кеткен.

Кээ бир маалыматтарга караганда, шектүү менен «Хан-Теӊири» лагеринин башчысынын орун басарынын ортосунда кайым айтышуу чыккан. Андан кийин шектүү эшикке чыгып, кайра мылтык көтөрүп кирген. Алар 3-июлда спирт ичимдиктерин ичип отурушкан.

Окуя тууралуу

Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теӊири» лагеринде эки адам өлтүрүлүп, бир адам барымтага алынганын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Эңилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» альпинисттик лагердин башчысынын орун басары — 1970-жылы туулган А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.

Билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Териштирүү учурунда «Хан-Теӊири» лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.Сергей «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшүнө, ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган.

Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы — Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөндө анын колуна бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

А.Д. окуя болгон жерде каза болуп, ал эми М.К. чек ара тозотуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан жолдон көз жумган.

Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда С.Сергей адамдарды атып өлтүргөндөн кийин ошол жердеги чумага каршы мекемеде иштеген Каракол шаарынын 48 жаштагы тургунун (Л.И., аял киши) барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Аталган факт Ак-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда милиция жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү С.Сергейди кармоо жана барымтадагы аялды бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдѳ.

Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө жана кармоо иштерине жетекчилик кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×