Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.07.2019 11:10 На русском

Ысык-Көлдө лагердин кароолчусу эки адамды атып өлтүрүп, аялды барымтага алды

Лагерь ОсОО «Тур-Хан-Тенгри»
Лагерь ОсОО «Тур-Хан-Тенгри»

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теӊири» лагеринде эки адам өлтүрүлүп, бир адам барымтага алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Эңилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» альпинисттик лагердин башчысынын орун басары — 1970-жылы туулган А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.

Билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Териштирүү учурунда «Хан-Теӊири» лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.Сергей «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшүнө, ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган.

Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы — Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөндө анын колуна бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

А.Д. окуя болгон жерде каза болуп, ал эми М.К. чек ара тозотуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан жолдон көз жумган.

Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда С.Сергей адамдарды атып өлтүргөндөн кийин ошол жердеги чумага каршы мекемеде иштеген Каракол шаарынын 48 жаштагы тургунун (Л.И., аял киши) барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Аталган факт Ак-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда милиция жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү С.Сергейди кармоо жана барымтадагы аялды бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдѳ.

Кылмыш турмуштук жагдайларга байланыштуу экени аныкталган. Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө жана кармоо иштерине жетекчилик кылууда.

Turmush басылмасы Ысык-Көл ОИИБден тактагандай, ок атуу «Тур-Хан-Тенгри» ЖЧКнын лагеринде болгон. Лагерь Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун сырт өрөөнүндө жайгашкан.

Лагерь Каракол шаарынан 180 чакырым алыстагы Ат-Жайлоо капчыгайында (Эңилчек айылы, деңиз деңгээлинен 2750 бийиктикте) жайгашкан. Лагердин жалпы аянты 50 миң 538 гектарды түзөт.

ИИМдин басма сөз кызматынан такталгандай, кылмышкерди кармоо операциясы үчүн Ысык-Көлдүн милициясы жетиштүү күчкө ээ. Окуя болгон жерге спецназ жөнөтүлдү.

Кийинчерээк барымтага алынган аял табылганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×