Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 05.07.2019 10:19

Сүрөт — Каркыра айылындагы мончодо жайгашкан мектеп жана ФАП

Turmush -  Түп районунун Сан-Таш айыл аймагына караштуу Каркыра айылындагы мектеп жана ФАП айылдык мончодо жайгашкан, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Алардын айтымында, башталгыч мектепте 16 бала билим алып, 3 мугалим эмгектенет. Кышкысын суук болгонуна жана ыңгайлуу шарттын жоктугуна карабай балдарга билим берүү улантылат.

Ошондой эле мончодо жайгашкан эмкананын фельдшери Чынара Жаныбекова бир бөлмөдө элдин саламаттыгына кам көрөт. Анын айтымында, айылда 1 жаштан 5,5 жашка чейинки 25 бала бар. Кош бойлуу айымдар бул жактан каттоого алынып, төрөт маалында райондун борборуна жөнөтүлөт. Тургундар бул маселе боюнча бир нече жылдан бери тиешелүү органдарга кайрылып келишкени менен жыйынтык болбой келет.

Маалым болгондой, башталгыч классты бүтүргөн окуучулар 16 чакырым алыс жайгашкан Санташ айылындагы мектептен окуусун улантышат.

Жүзүмалы Асылбаев атындагы мектепте 26 жылдан бери мугалим болуп эмгектенген Талдыкан Кызылборукова кышкысын окуучулар сырткы кийимдери менен отурушарын айтып, катаал шартта жашаган элдин биринчи көйгөйү мектеп маселеси экенин белгиледи.

«Бир кезде мончо катары курулган имарат мектеп жана ФАП катары пайдаланылып жатат. Тиешелүү органдардан жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн бул маселеге көңүл бурууну өтүнөбүз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×