Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.07.2019 08:41

Ысык-Көлдүн жээгинде иштеп жаткан милициянын көчмө кабылдамасы (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы сезон учурунда эс алуучу жайларда, көлдүн жээгинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Милиция кызматкерлери эс алуучуларга, жергиликтүү тургундарга сууда сүзүүдө коопсуздукту сактоо, өздүк буюмдарын таштабоо жана кичинекей балдарды кароосуз калтырбоо боюнча эскертүү берип жатышат.

Милициянын көчмө кабылдамасында иштеген кызматкерлерге эс алуучулар коопсуздук маселесине байланыштуу суроолорду беришип, керектүү маалыматтарды алышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×