Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.07.2019 17:12

Караколдо катуу шамалдан келтирилген чыгым эсептелди

Turmush -  Каракол шаарында 3-июль күнү саат 15:30 чамасында болгон катуу шамалдан улам келтирилген чыгым эсептелди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн маалыматына караганда, шамал шаардагы кичи райондордун биринен 6 үйдүн чатырын жана Восход кичи районунан 3 көп кабаттуу үйдүн чатырын учурган.

Маалым болгондой, жалпы чыгымдын суммасы 269 миң 240 сом деп эсептелди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×