Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 04.07.2019 16:38

Түптө картошка сактоочу кампанын чатырын куюн учуруп кетти (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы картошка сактоочу кампанын чатырын куюн учуруп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кампанын башчысы Шайлоо Төлөбаев билдирди.

Анын айтымында, 3-июлда кечинде мөндүр аралаш куюн кампанын үстүндөгү 600 шиферди талкалап, аны 100 метрден ашык жерге учуруп кеткен.

«2 миң тонна картошка сактала турган кампанын батыш жагына шифер алып келип жапканда жарым миллион сомдон ашык каражат кетет. Чыгыш жагындагы кыйраган шиферлерди батыш жагындагы жарактуу шифер менен бүтөйбүз», - дейт Ш.Төлөбаев.

Окуяны өз көзү менен көргөн кампанын сакчысы Жолдош Жакыпов: «Батыштан келген жаан, мөндүр аралаш куюн ушул жерге келип удургуп, алгач кампанын батыш жагындагы шиферлерди, кээ бир жерлеринен 120 сантиметр мык менен кагылган тактайларын учуруп, 100 метрден ашык жакка алып барып таштады. Ошондой эле Ишенбек Дүйшалиевдин бастырмасынын шиферлерин такыр шыпырып кетти. Ишенбектин короосундагы үйдүн бурчун, сарайынын үстүн шыпырып кеткенден кийинки чыгым деле Шайлоонукунан кем калбайт. Өзүмдүн сарайымды деле шыпырмак, бирок ал үйүлгөн чөптүн далдоосунда болуп калды. Ошентсе деле бастырмамдын шиферин жулуп кетти», - деди.

Кампанын башчысынын айтканына караганда, бул кампага 9 айылдын дыйкандары картошкаларын сакташып, жаз-күздө 40тан ашык адам бул жерде жумуш менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×