Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.07.2019 14:48 На русском

Жаныштын банк картасын таап алгандар акчасын шыпырып кетишти. Видео

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Банкоматтан акча чыгарып алгандан кийин банк картасын таппай калган Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну Жаныш Калыков жарандардан жардам сурайт.

Ал аймактык кабарчыга билдиргендей, окуя 30-июнь күнү райондун борборунда болгон.

«30-июнда саат 14:40 чамасында Кызыл-Суу айылындагы банктардын биринин банкоматынан 6500 сом чыгарып алгам. Картанын ичинде 10900 сом калган. Акча чыгарып алгандан кийин эле картамды таппай калдым. Түшүрүп алган окшойм. Анан банкка арыз менен кайрылып, банкоматтагы видеону алдым. Видеодо мен саат 14:40та акча чыгарып алганым жана 22 мүнөттөн кийин, тактап айтканда саат 15:02де башка жарандар биринчи 2000 сомду, андан кийин 8900 сомду дароо чыгарып алганы көрүнүп турат.

Мен сыр белгини унутуп калбайын деп картага карандаш менен жазып койгон элем. Видеону алганыма аз эле болду, эми милицияга арыз менен кайрылам», - дейт Жаныш Калыков.

Ошондой эле ал видеодогу жарандарды тааныгандар же көргөндөр болсо ага 0703 52 69 92 номуру аркылуу кабарлап коюуну өтүнүп, сүйүнчүсү болорун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×