Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 15.07.2019 23:35

Айыл турмушу: С.Жумгалова дартына даба болчу сүйүктүү иши менен алектенет

Turmush -  Түп районунун Түп айылынын тургуну Света Жумгалова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, сүйүктүү иши менен алектенип келет. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1982-жылы туулган. Акыркы 6 жылдан бери бөйрөк оорусу менен күрөшүп келет.

«Алты жылдан бери эки бөйрөгүм иштебей, гемодиализ менен жашап келем. Өмүрүмдүн жарымы ооруканада өтөт. Бул ооруга чалдыккандардын көбү кайгырып, чөгүп кетет. Мен жашоонун кызыгына жана кооздугуна суктанып, андан ырахат алып жашагым келет. Ошондуктан дартыма даба болчу сүйүктүү ишим менен алектенем.

Мен табияттын эң назик, кооз болгон гүлдөрүн колго жасайм. Гүл жасаганда ооруганымды унутуп, жомоктогудай сезимдерге туш болом. Жасаган эмгектеримди башында тааныштарга белек кылсам, азыр сатыкка коюп, үй-бүлөлүк бюджетимди толуктап алам. Колго жасалган гүлдөр 200 сомдон 1500 сомго чейин бааланат. Негизи гүлдүн формасындай шам чырактарды дагы жасайм. Кардарлар аны жакшы сатып алышат», - дейт С.Жумгалова.

Ал учурда бир баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×