Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 04.07.2019 10:39

Жылаңач жайлоосунда карышкыр күч алды, бизге жардам керек, - 750 кой баккан малчы

Turmush -  Түп районунун Жылаңач жайлоосунда карышкыр күч болуп жатат, деп билдирди жайлоодон келген Сары-Дөбө айылынын тургуну Мелис Курманов.

Анын айтымында, карышкырлар күнүнө 4-5тен койду жеп кетип жатышат.

«Каркырадан ары 70 чакырым алыс жайгашкан Жылаңач жайлоосунда Арал айыл өкмөтүндөгү 3 айылдан 8 короо койду багып жатканыбызга туура бир ай болду. Ар бир короодо 750-800дөн кой, жылкы жана уй багылып жатат. Карышкыр абдан күч болуп, күнүнө 4-5тен койду алдырып жатабыз. Мен өзүм 750 кой багам, 5 койду карышкырга алдырдым.

Кошуналардын кээ бири 10дон ашык койлорун карышкырга алдырышты. Кулундарын жедирген малчылар бар. Кандай кылып мергенчилерди жибересиңер? Чара көрбөсө койлордун көбүн жеп кетип жатат», - деп Мелис Курманов айыл өкмөткө жана мал ээлерине кайрылды.

Мелис Курманов 60 жашта. Союз убагында бадачы болуп иштеген. Жубайы Анаркүл экөө 4 кыз, бир уулду өстүрүп, учурда 6 небересин тарбиялап жатышат. Жубайы Анаркүл айылда калып, Мелис уул-келини менен сырт жайлоосуна элдин малын багуу үчүн чыккан. Жылаңач жайлоосундагылар аны жогорудагы көйгөйдү айтуу үчүн атайын айыл аймакка жиберишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×