Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.07.2019 09:33 На русском

Видео — Караколдогу катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду

Turmush -  Кечээ, 3-июль күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Каракол шаарында катуу шамал болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шамал 6 турак үйдүн чатырын жана Чыгыш кичи районундагы 3 көп кабаттуу үйдүн чатырларын учуруп кеткен. Ал жерлерде мэриянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмүнүн кызматкерлеринен, электриктерден түзүлгөн комиссия иш алып барды.

ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн маалыматына караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрди түзгөн.

«Материалдык чыгым эсептелет. Өзгөчө кырдаал катталган жок. Чатырлар ичке жыгачтар менен жабылган экен», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×