Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 03.07.2019 20:33

«Жээкке калкып чыгып калган»: Көлгө чөгүп кеткен 2 жигиттин өлүмү (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Тоң районунда көлгө чөгүп кеткен 2 жигит коттедж куруп жатышкан. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирди.

Маалыматка караганда, бир фирманын куруучулары Кажы-Сай айылында коттедж салып жатышкан. Бүгүн, 3-июлда курулуш иштери жыйынтыкталмак жана алар Каракол шаарына барышмак. Түшкө маал электр жарыгы өчүп калгандыктан 4 куруучу жигит бир-эки саат көлгө түшүп келели деп кетишкен. Бир жигит чөгүп баштаганда ага экинчи жигит жардам берем деп артынан кирип, чөгүп кеткен. Калган эки жигит артка кайтып, шериктери чөгүп кеткенин кабарлашкан.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көлгө чөгүп кеткен эки жигиттин денеси табылганын жазган.

Кырсык бүгүн, 3-июлда саат 13:00 чамасында Тоң районундагы «Аалам Ордо» комплексинин аймагында катталган. Көлгө 1990-жылы жана 1998-жылы туулган эки жигит чөгүп кеткени белгилүү болгон.

Кырсык болгон жерге Бөкөнбаев айылынан №38 куткаруу кызматынын кызматкерлери жана суучулдар жөнөтүлгөн. Экинчи топ окуя болгон жерге жете электе сууга чөккөн эки жигиттин денеси катуу шамалдан улам жээкке калкып чыгып калган.

78979
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×