Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.07.2019 20:28

Ысык-Көлдө адистер географиялык карталарды колдонуудагы жаңы технологияларды үйрөнүштү

Turmush -  Ысык-Көл районунда географиялык карталарды пайдалануудагы жаңы технологияларды үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу боюнча семинар өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, ага Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун өкүлдөрү, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Суу чарба жана мелиорация департаментинин адистери катышты. Анда кыргызстандык адистерге Россиядагы геодезия жана картография илимий изилдөө борборунун кызматкерлери жаңы технологияларды колдонуунун жолдорун айтып, аэрофотосъёмканы, видеосъёмканы кандай жүргүзүү керектигин көрсөтүп беришти.

Адистер заманбап жабдыктар учуучу аппараттар болуп эсептелип, жердин картасы, жердеги объекттердин абалы, пландагы өлчөмү жана формасы жөнүндө туура маалымат алууга мүмкүнчүлүк берерин айтып, аны колдонууну иш жүзүндө көрсөтүп беришти.

«Кыргызмамжердолбоорлоо» институтунан билдиришкендей, семинардын жүрүшүндө заманбап жабдыктарды буйрутмага ылайык кыргыз тарап менен россиялык ишкана биригип чыгарууга сунуш берилет. Себеби КМШ өлкөлөрүндө мындай аппараттарга суроо-талап күч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×