Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 03.07.2019 18:03

Ысык-Көлдүн тескей жээгинде эки жигит көлгө чөгүп кетти

Turmush -  Ысык-Көлгө чөгүп кеткен эки жигиттин денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маалым болгон.

Бөөдө кырсык бүгүн, 3-июлда саат 13:00 чамасында Тоң районундагы «Аалам Ордо» комплексинин аймагында катталды. 1990-жылы жана 1998-жылы туулган эки жигит көлгө түшүп, ошол бойдон чыккан эмес.

Кырсык болгон жерге Бөкөнбаев айылынан №38 куткаруу кызматынын кызматкерлери жана суучулдар жөнөтүлгөн. Экинчи топ окуя болгон жерге жете электе сууга чөккөн эки жигиттин денеси катуу шамалдан улам жээкке калкып чыгып калган. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Белгилүү болгондой, алар Кажы-Сай айылындагы курулуш объектте иштешчү. Бири Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тургуну болсо, экинчиси Бишкек шаарынын тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×