Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 03.07.2019 17:20

Балыкчыда 7 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө

Turmush -  Балыкчы шаарында көп убакыттан бери оңдолбой жаткан Ж.Аманбаев көчөсүнө асфальт төшөлө баштады. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Алишер Табалдиев билдирди.

Анын айтымында, суу түтүктөрдү орнотуу иштери аяктагандан кийин жол толугу менен асфальтталат.

«Суу түтүкчөлөр» ишканасынын кызматкери Самат Бактыбеков жалпы 35 футляр жасала турганын, учурда анын 70 пайызы аяктап калгандыгын билдирди.

Маалым болгондой, учурда көчөнүн эки чакырымдай аралыгына асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Жолдун жалпы узундугу 7 чакырымды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×