Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.07.2019 16:13

Ысык-Көлдө медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында 1-июль — Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарада майрам ээлерин өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова, Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары куттукташты. Анда бир нече медициналык кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

«Премьер-министрдин мактоо баракчасы 6 адамга тапшырылып, 21 кызматкер «Саламаттыкты сактоонун отличниги» наамы менен сыйланды. Мындан тышкары, 7 медициналык кызматкер ардак грамота, 12 кызматкер өкмөттүн облустагы өкүлүнүн ардак грамотасы жана 18 кызматкер Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустук координациясынын атынан сыйланды. Бүгүн кесиптештеримди кесиптик майрамы менен куттуктайм. Алардын элге кылган эмгеги зор», - деди министрликтин облустагы координатору Мирбек Сагынбаев.

Ошондой эле мэриянын ардак грамотасы менен 8 адам, Каракол шаардык кеңешинин ардак грамотасы менен 6 адам сыйланса, шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 2 кызматкер төш белги менен сыйланды.

Ысык-Көл облусунда 4 миң 700 медицина кызматкери эмгектенет. Анын ичинде 700 дарыгер болсо, 1300 медик медициналык кызматкер болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×