Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.07.2019 12:53

Дасыккан ашпозчулар Караколдун ашлян-фусунун даамдуулугунун сырын аташты

Turmush -  Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата жасалган 1,5 тонна ашлян-фуну элге таратууга катышкандардан Караколдун ашлян-фусунун түбүн түптөөчү эки тургун менен аймактык кабарчы баарлашты.

Зухра Өмүракунова 65 жашта, Каракол шаарынын тургуну. Ал 35 жылдан бери ашлян-фу сатат.

«Чоң майрамда Ашлян-фу фестивалы элдин, айрыкча биздин эсибизде өмүр бою сакталат. Рекорддорду каттаган китепке жазылса, анда ого бетер даңкыбыз чыгат. 1500 кг ашлян-фунун бир порциясын 250 граммдан салып, 25 сомдон сатса бир топ эле акча болмок. Бирок майрамдын урматына бекер таратылды.

Ашлян-фу саткандардын өз чыгармачылыгы, өз кол жазмасы, өздөрүнүн кардарлары бар. Кээ бир кардарларыбыз күндө келип жеп турушат да, айдын аягында келип эсептешип кетет. Алар өздөрү эле келишпей, башка конокторду да ээрчитип келишет. Мен ушул сүйгөн кесибимди кыз-келиндериме үйрөтүп койгом. Алар да элге кызмат кылышат. Биздин кылган кызматыбыз адал, себеби каалаган кардардын чөнтөгүнө ылайыктуу, даамдуу, жагымдуу, ашказанга күч келтирбейт. Баарынан таң эрте конокко же коноктон келгендердин чыдамсыздык менен күткөн адамдарыбыз», - дейт Зухра Өмүракунова.

Ал эми Жылдызкан Байтикова Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургуну, 60 жашта. 10 жылдан бери Кереге-Таштан Караколго келип, ашлян-фу сатат. Акыркы 5 жылдан бери 25 жаштагы келини Бурма Алиевага үйрөтүп, үйүнөн неберелерин карап, ашлян-фунун айрым кошулмаларын даярдап берип турат.

«Бул жолку фестивалга дасыккан ашлян-фучулар чакырылганбыз. Кардарларды эсинде калгандай узаттык. Ашлян-фуну таратканда майрамга келгендердин аягына жетпей калганы өкүнтөт», - деди ал.

Ал эми Таластан келген шырдакчы Айнагүл Сыргадаева бешинчи порциясын жеп жатып: «Бишкекте, Таласта, Ош жана Нарында болгонумда «Караколдун ашлян-фусу» деп сатышат, бирок бул жердегидей даамдуу болбойт, анын себебин айтып бере аласызбы?» десе, Жылдызкан айым: «Көлдүн, анын ичинде Караколдун бренди болгон ашлян-фунун өзгөчөлүгү тоодон агып келген мөңгүнүн суулары менен жасалганында. Камырына Ысык-Көлдүн жээгинде орун алган Михайловка, Маяктын дыйкандары кайрак жерге өстүргөн буудайдын унунан жасалган камырды пайдаланганында. Башка жердин унуна караганда кайрак жердин уну ашлян-фуга гана ылайыктуубу дейбиз», - деп жооп берди.

Буга чейин 1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Ашлян-фу фестивалы уюштурулуп, анда 1,5 тонна ашлян-фу жасалганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×