Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 02.07.2019 17:13

Жеңеке: Айзат уулдуу болгондо жолдошу төрөт үйүнөн өзгөчө белек тартуулаган

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын 29 жаштагы тургуну Жусуп кызы Айзат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Сокулук районунун Чаткал айылында төрөлгөн. 22 жашында 1987-жылы туулган Табылды Букушовго турмушка чыгып, Ысык-Көл жергесине келин болуп келген.

«Табылды экөөбүздү биз Бостери айылына эс алууга барганда курбу кызым тааныштырды. Анда ал Бостериде тиш доктур болуп иштеп жүргөн экен. Ал Кыргыз медициналык академиясынын стоматологиялык факультетин бүтүргөн. Азыркы тапта ишкерчилик менен алектенет. Үй-бүлөдө камкор ата жана күйүмдүү жолдош», - деди ал.

Анын айтымында, көз жарганда жолдошу өзгөчө белек тартуулаган.

«Уулдуу болгондо жолдошум сүйүнүп, мен төрөт үйүндө жатканда эле белегин көтөрүп барыптыр.

Ал палатага түз эле кирип барып, чөнтөгүнөн кутуга салынган алтын чынжырча менен шакекти алып чыкты. Аларды мага тагып жатып: «Уулум үчүн рахмат, эми мен эч нерседен коркпойм, анткени менин туягым бар», деп бетимден өпкөнү эсимден кетпейт. Мен үчүн жагымдуу болгон. Дарыгерлер жана жанымдагы аялдар «бактылуу болгула» деп, бизге суктана баталарын беришкен», - дейт ал.

Айзат үйдө балдарын тарбиялоодон тышкары тикмечилик менен алектенет. Учурда айылдагы кол өнөрчү, чебер жана тикмечи аялдарга жумуш орундарын түзүүгө жана алардын эмгегин даңазалоого аракет кылууда.

Ошондой эле ал келечекте элдин керегине жараган уул-кыздарды тарбиялап, балдарына мээримдүү эне, жолдошуна акылман жубай, кайын журтуна ыймандуу келин болсом деп тилек кылат. Ал 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×