Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.07.2019 14:24

Караколдо кафеден өрт чыгып, жакынкы имараттарга жайылды. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 1-июлда Каракол шаарында Алдашев жана Дербишев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Айдин» кафесинен өрт чыкты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт кафенин ашканасынын чыккан.

«Бир бала газ баллонду алмаштырып жаткан. Анан газ чыгып кетип, берки жакта жасалып жаткан тамак-ашка жабылды. Иштеп жаткан 3 кыз жеңил күйүк алышыптыр. Колдорун сууга салып жаткан», - дешти күбөлөр

Ал эми ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмү өрт тууралуу билдирүү саат 12:35те түшкөнүн билдиришти.

«Каракол шаарынын 2 өрт өчүрүү кызматы тартылды. Өрт коңшу имараттарга жабылып баштаганда Ак-Суу райондук бөлүмүнөн жардамга чакырдык. Бир бригада келди. Саат 13:45те тилсиз жоо курчоого алынды. Өрт кафеге жакын жайгашкан эки чачтарачка жайылды. Ошондой эле, коңшулаш орун алган соода борборуна жайылып жатканда өрт токтотулду. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда», - дешти аталган бөлүмдөн.

Өрт кырсыгы катталган аймакта «Ак-Тилек» базары жайгашкандыктан жана анда эл көп болгондугуна байланыштуу коомдук коопсуздукту сактоого 20 кызматкер тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×