Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.06.2019 17:26

Балыкчыда 5 аял «Баатыр эне» ордени, «Эне даңкы» медалы менен сыйланды

Turmush -  Балыкчы шаарында көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сыйлыктарды тапшыруу аземине мэр М.Кудайбергенов жана шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев катышып, энелерге бекем ден соолук жана бакыт каалашты.

Анда «Баатыр эне» ордени менен Лунара Ташикеева, Ырыскүл Иманалиева жана Жибек Турдубаева, ал эми «Эне даңкы» медалы менен Жамиля Жумаева жана Мээрим Тамамбаева сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×