Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.06.2019 16:15

Балыкчыда Ч.Айтматов атындагы мектепти оңдоо иши кечеңдеп жатат, - тургундар

Turmush -  Балыкчы шаарында Чынгыз Айтматов атындагы мектепти оңдоп-түзөө иштери кечеңдеп жатат, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Маалым болгондой, мектепте 1500 окуучу билим алат. Имаратты заман талабына ылайык оңдоо үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан жана республикалык казынадан 59 млн 800 миң сом бөлүү каралган. 2018-жылдын ноябрь айында тендер өткөрүлүп, андан «Тунук курулуш» компаниясы утуп алган.

Курулуш иштеринин кечеңдеп жатканына нааразы болгон тургундар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Анын негизинде 2019-2020-окуу жылына карата мектептин оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүү убадасы берилген. Бирок учурда оңдоо иштеринин 40 пайызы гана бүттү.

«Бизге бүгүнкү күнгө карата 8 млн сом гана которулду. Каражаттын 67 пайызы республикалык бюджеттен, 33 пайызы Дүйнөлүк банктан бөлүнүшү керек эле. Бизге акчаны 5 айга чейин кечиктирип жатышат. Ошондой эле иш жүрүп жатканда кошумча жумуштар чыгууда. Долбоордун сметасы каралып жатканда канализация жана суу маселеси чыкты. Анын сметалык наркы канча болору белгисиз. Буйрутма берген мэрия карап чыгышы керек», - дейт курулуш компаниянын жетекчиси Сарбагыш Эсенбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×